Ошто тергөөчүнү комага түшүрө сабагандар кармалды

Окуя боюнча күбө катары эки милиция кызматкери суракка алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ошто тергөөчүнү комага түшүрө сабагандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти
Окуя 9-сентябрга караган түнү саат 2:00дө "Sky bar" түнкү клубунун жанында болгон.
"Сабалып, ооруканага түшкөн жаран Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты К.М. экендиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча күбө катары эки милиция кызматкери суракка алынып, факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканы айтылды.
Кылмышка шектелип 23 жаштагы үч жана 21 жаштагы бир жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.
Ала-Букада трассадан ок атылып, шектүү кармалды. Видео