Президенттин атын жамынып алдаган. УКМК депутаттын кеңешчисин кармады

Учурда шектүү тарабынан өлкө бюджетине келтирген жалпы зыян такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Эске салсак, кечээ, 12-сентябрда, Жогорку Кеңештен кишини УКМКнын спецназы кармаганы боюнча маалымат тарап, кармалган жаран "Альянс" фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекованын жардамчысы экени айтылган.
Атайын кызмат аталган адам депутаттын Р.А.Р. аттуу кеңешчиси экенин тастыктап, ал алдамчылыкка жана расмий документтерди жасалмалоого шектелип жатканын кабарлады.
"Шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөндүгү аныкталган. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда. Мындан тышкары, кармалган жаран ортомчулук кызмат көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин (президенттин) атын жамынып, алдамчылык менен элден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган", — деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Нарын: УКМК бир нече аткаминерди жер сатууга айыптап кармады