Бишкекте үч күн катары менен органикалык азыктардын жарманкеси өтөт

Иш-чаранын алкагында экологиялык таза продукцияларды өндүрүү жана дегустациялоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Өлкөдө 20-21-22-сентябрда органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миинстрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал "Органикалык Экспо — Борбордук Азия" форумунун алкагында уюштурулат.
"Бишкек шаарынын Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукцияларынын жана технологияларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Ага коопсуз жол менен өстүрүлгөн продукциялар: жашылчалар, жемиштер, кургатылган жемиштер жана жаңгактар, шире, кыям, консервалар жана пасталар, дары чөптөр, чайлар, бал, аары продуктулары жана башкалар коюлат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле экологиялык таза продукцияларды өндүрүү жана дегустациялоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөрү белгиленди.
Жарманке эртең мененки саат 9:00дөн 18:00гө чейин болору кошумчаланды.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Кыргызстанда импортту алмаштырган товарлардын көлөмү жогорку көрсөткүчкө чыкты