БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин "Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө" буйругу чыкты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Буйрукка ылайык, жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат:
Ош облусунда – 22;
Нарын облусунда – 10;
Чүй облусунда – 6;
Баткен облусунда – 5;
Жалал-Абад облусунда – 5;
Талас облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 1.
"Жергиликтүү бийлик билим берүү уюмдары менен биргеликте оптималдаштыруу иштерин 1-ноябрга чейин аякташы керек. Ал эми жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары оптимизация болгон мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү персоналдарды жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен оптимизация боюнча келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 1-декабрга чейин жыйынтыктоосу кажет", — деп айтылат маалыматта.