Радио

Мамлекеттик ишканалардын карызы 1 млрд. доллардан ашты

Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков Кыргызстанга кирген түз инвестициялардын агымын көбөйтүүгө аракет көрүү керектигин айтты.
Sputnik
Мамлекеттик ишканалардын карызы 1 миллиард доллардан ашты. Бул абдан чоң көрсөткүч болгондуктан аны жөнгө салып, ишкерлерге дем берип, рынок шартына ыңгайлаштыруу зарыл. Бул тууралуу Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мүмкүнчүлүккө жараша жашап, мамлекеттик казынанын чыгашасын натыйжалуу пайдаланууга көңүл буруу керек.
"Өлкө экономикасы жакшы темп менен жылып жатат. Ишкерлердин укугун коргогон, жеңилдиктерди берген мыйзамдардын кабыл алынышы бизнес үчүн жакшы белги. Албетте, бул чакан жана орто бизнеске жакшы дем берет. Бирок бир катар эске алчу маселелер бар. Алсак, мамлекеттик ишканалардын карызы 1 миллиард доллардан ашты. Бул абдан чоң көрсөткүч болгондуктан аны жөнгө салып, ишкерлерге дем берип, рынок шартына ыңгайлаштыруу зарыл. Мүмкүнчүлүккө жараша жашап, мамлекеттик казынанын чыгашасын натыйжалуу пайдаланууга көңүл буруу керек. Кыргызстанга кирген түз инвестициялардын агымын көбөйтүүгө аракет көрүү кажет. Анткени былтыр 2022-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч төмөндөдү", — деди Сыдыков.
Ошондой эле ал мамлекеттик ишканаларга артыкчылык берген багыт каралбашы керектигин айтты.