Көздү офтальмологго канча убакытта бир көрсөтүп туруш керек

Дарыгер жаш куракка, көздүн абалына жана анын көрүүсүнө таасир бере турган илдеттерге карап текшертип туруу убактысын аныктоо туура экенин түшүндүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Көздүн көрүүсү начарлап кетпеши үчүн адам канча убакытта бир дарыгерге көрүнүп турушу керек? Бул суроого офтальмолог Наталья Ворошилова Sputnik радиосуна курган маегинде жооп берди.
Адис көз оорулары өтүшүп кетпеши үчүн аны мезгил-мезгили менен текшертип туруу зарылдыгын белгилеген. Офтальмологго көрүнүп туруунун аралыгы адамдын жаш курагынан, көзүнүн абалынан, көздүн көрүүсүнө таасир берчү илдеттерден көз каранды экенин түшүндүргөн.
"Бала бир жашка толгондо, кийин үчкө чыкканда, анан жети жашында көз дарыгерине текшертүү кажет. Ал эми мектеп окуучуларын жыл сайын текшертүүнү сунуштайм, себеби гаджеттерди көп колдонгондуктан көзгө катуу күч келет. Андан кийин адамдын көзүндө көйгөй жок болсо эки жылда бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтсө болот. 40 жаштан кийин кайра жыл сайын текшертип турган оң", — деген Ворошилова.
Бирок адис адамдын көзү ооруп, көрүүсү начарлап же кандайдыр бир көзгө байланыштуу тынчтандырган абал жаралса дароо дарыгерге баруу зарыл экенин кошумчалаган. Ошондой эле ал мээде, жүрөк-кан тамыр системасында көйгөйү барлар жана кант диабетинен жабыр тарткандар да офтальмологдун текшерүүсүнөн өтүп турушу кажет экенин белгилеген.
Алысты начар көргөндөргө эмне кылууга болбойт? Офтальмологдун кеңеши