Бишкектин жанындагы айланма жолго парапеттер орнотулууда

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкектин жанындагы айланма жолго парапеттер орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Учурда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 6-чакырымынан 39-чакырымына чейинки тилкеде иштер жүрүп жатат.
Транспорт министрлиги жолдун бул тилкесинде адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар көп катталгандыктан тосмолор коюлуп жатканын маалымдады.
Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты