Аялына өчөшүп, баласын сабап... Алайда 39 жаштагы киши суракка алынды

Баланын апасы Россияда иштеп жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Аялына өчөшүп кичинекей баласын урду деген 39 жаштагы киши Алайдан табылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Буга чейин болжол менен 4-5 жаштагы уулун уруп, аны "уйкум келип жатат" дегенине карабай караңгыда эшикке чыгарып жиберген кишинин видеосу тараган.
Облустук милиция факт дароо эле Алай райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тергөөгө чейинки иштер башталганын кабарлады. Натыйжада окуяны видеого Алай районунун 39 жаштагы тургуну тартканы аныкталып, тергөөгө алып келинген.

"Алгачкы маалыматтар боюнча, И.Т. мындай аракеттерге жубайы менен чатакташып, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Россияда иштеп жүргөн баланын энесине жөнөткөндүгү белгилүү болгон. Окуядан кийин баланы таякелери алып кетти, учурда таенесинин колунда", — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуяга катыштыгы бар тараптар суралып, текшерүү уланууда. Милиция анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын убадалады.
Радио
Акыйкатчы: үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүүдө, кыз-келиндер билим алышы керек