Ала-Букада трассадан ок атылып, шектүү кармалды. Видео

Кармалган адам мурда каракчылык боюнча Россияда соттолгон Ала-Бука районунун тургуну болуп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ала-Бука районунда трассадан ок чыгарылганын ИИМ билдирди.
Окуя 12-сентябрда Жапа-Салды айылында саат 16:55 чамасында болгон. Милициянын айтымында, 25-30 жаштагы кишилер А.Э. аттуу жаран менен уруша кеткен. Кылмышка шектүү 25 жаштагы адамдын унаасын кууп жетип, ага ок чыгарган. Кароо учурунда андан бир даана гильза алынганы маалым болду.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, бир катар экспертизалар дайындалды. Шектүү катары Ала-Бука районунун 30 жаштагы К.Н. аттуу тургуну кармалды. Ал мурда Россияда каракчылык боюнча соттолгон. Ал эми 25 жаштагы А.Э. аттуу жабырлануучу ооруканага жаткырылган.
Сокулукта 9-класстын окуучусунун өлүмүнө 16 жаштагы бала шектелүүдө