Радио

ӨКМ өкүлү: жакынкы жылдары сел көп болот, даяр болушубуз керек

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев быйыл сегиз айда эле 400дөн ашуун сел кырсыгы катталганын айтты.
Sputnik
Жакынкы 15-20 жылда жамгыр көп жаап, сел көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы селдин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти.
"Быйыл эмнеге сел көп болду деген суроону биз өзүбүзгө дагы берип, адистер отуруп кеңешип, колубузда болгон маалыматтын баарын талдадык. 1990-жылдан бери канча жолу өзгөчө кырдаал болду, канча сел, канча ирет жер көчкөнү тууралуу статистикалык маалыматты карап чыктык. Кайталануучу цикл болот, кыскасы 5-7 жыл, узуну 30 жыл. 1994-жылга чейин сел кырсыктары көп болгон. Азыр ошол цикл кайталанып келип, быйыл буга чейин 30 жылда болбогондой сел кырсыктары катталып, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Буга биринчи кезекте нөшөрлөгөн жамгыр себеп, жаан локалдык мүнөзгө ээ болду. Локалдык дегеним, кыска мөөнөттө чакан аймакта өтө көп көлөмдө жаады, анын кесепетинен сел жүрдү. Негизи сел көп факторлуу процесс, метеорологиялык, геологиялык, сейсмикалык факторлор бар. Бир эле учурда болуп кетпейт, бул көп убакытта топтолуп, анан сел кырсыктарына себеп болот. Атайын кызматтар 50 жылга, 100 жылга божомолдорду түзүп, кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгүн айтып турат. Ошол маалыматтарды эске ала турган болсок, жакынкы 15-20 жылда сел көбөйүп, жаан-чачын көп болуп климаттын өзгөрүшү бир топ түйшүктү жаратышы мүмкүн. Буга биз даяр болушубуз керек", — деди Сакыев.
Ошондой эле ал климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу адаптациялык план даярдалып жатканын кошумчалады.