14-сентябрга карата аба ырайы

14-сентябрга караган түнү айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 14-сентябрь, бейшембиде, тоолуу райондордо жамгыр жаайт, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл жергесинде +17…+22, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +30...+32 градуска көтөрүлөт.
Көнүшкүчө убакыт керек. Шаардык департамент жол тыгындары качан азаярын айтты