Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Мамлекеттик ишканалардын карызы 1 миллиард доллардан ашты. Бул абдан чоң көрсөткүч болгондуктан аны жөнгө салып, ишкерлерге дем берип, рынок шартына ыңгайлаштыруу зарыл. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, мүмкүнчүлүккө жараша жашап, мамлекеттик казынанын чыгашасын натыйжалуу пайдаланууга көңүл буруу керек. "Өлкө экономикасы жакшы темп менен жылып жатат. Бирок бир катар эске алчу маселелер бар. Алсак, мамлекеттик ишканалардын карызы 1 миллиард доллардан ашты", — деди Сыдыков. Ошондой эле ал мамлекеттик ишканаларга артыкчылык берген багыт каралбашы керектигин айтты.
Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 21 спорттун түрү боюнча мелдештер өтүп, 80ден ашык өлкөдөн 2000ден ашык спортчу катышты. Оюндардын жыйынтыгы менен жалпы медалдык эсепте Казакстан 44 алтын, 34 күмүш, 37 коло, жалпы 115 медаль утуп биринчи орунду алды. Ал эми экинчиде 65 медаль, анын ичинен 19у алтын, 21и күмүш, 25и коло менен Кыргызстан жайгашты. Үчүнчүдөгү Өзбекстанда 34, төртүнчүдөгү Россияда 46 медаль бар. Уюштуруучулардын сайтындагы маалыматка ылайык, оюндарга катышкан 86 өлкөнүн 53ү мелдешти медалсыз жыйынтыктаган. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт.
Ноокатта 350 миллион сомдук административдик имарат жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2000-жылдары жалпы аянты 52 сотых болгон "Ноокат автобекети" мыйзамсыз менчиктештирилген. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен автобекеттин ээлери имаратты жер тилкеси менен шаардык мэрияга ыктыярдуу өткөргөн.
Улуу Британиянын ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн бири атайын операция башталгандан тарта Россияны стратегиялык жактан алсыраткан чабуулду күчөтүүнү координациялоочу атайын кызматка айланды. Мындай бүтүмгө ФСБ бул жаатта алган далил материалга таянып чыгарганын РИА Новости жазды. "Улуу Британияда Россия багытында жүргүзүлгөн диверсиялык саясатты алардын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия директораты жөнгө салып турат. Ал Украинадагы атайын операция башталары менен биздин өлкөнү стратегиялык жактан алсыратуу максатында атайын кызмат катары түптөлгөн", — деп айтылган маалыматта. Россиянын тышкы иштер министрлиги Улуу Британия элчилигинин саясий бөлүмдөгүлөрүнүн ичинен алты кызматкеринин аккредитациясын токтотту. Маалыматта буларды Москвага директорат жогоруда айтылган багытта жөнөткөндүгү айтылат. Алардын жүрүм-турумунан, иштеринен зыян келтирүүчү тыңчылык белгилерди табышкан. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 36 тыйынга 1 евро 92 сом 94 тыйынга 1 рубль 92 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сом 20 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 14-сентябрга караган түнү айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде, тоолуу райондордо жамгыр жаайт, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл жергесинде +17…+22, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +30...+32 градуска көтөрүлөт.