Жерге мунапыс берүү ишин аяктоого кандай тоскоолдуктар жаралууда?

Sputnik
Жер укуктук мамилелерин жөнгө салуу боюнча КРдин мыйзамы 2022-жылдын 1-апрелинде чыккан. Аны ишке ашыруу тартиби ушул жылдын 31-майында жарык көрүүдө. Мыйзам күчүнө киргенден тарта Сокулук районунда түзүлгөн атайын комиссияга 23 миң арыз келип түшөт.Мунун басымдуу бөлүгү Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу болчу.Ал жерде 16 миңдей арыз келип түшкөн. Новопавловка айыл өкмөтү АТР алкагында бүгүн Бишкек шаарына өткөн.
Мамлекеттик органдар мунапыска туура келген аймактардын чектерин тактап,контурлардын жерлеринин түрү боюнча маалыматтарды тактап,андан кийин оң корутунду алган арыздарга райондук комиссия жерине чыгып,ар бир арыз ээси менен жолугуп, арызга тиркелген документтердин баарын кылдаттык менен текшерди. Бүгүн 16400 арыз канаттандырылып,райондук комиссиядан оң чечим алган.