Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга “улуттук” макам кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?

Sputnik
Таланттардын бешиги аталган Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” макамы ыйгарылды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мындай чечим маданият жана искусство жаатындагы орто кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн кабыл алынганы кабарланды.
Бул берүүдө Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын Музыканын теориясы бөлүмүнүн окутуучусу Айкерим Намазбекова менен "Улуттук" макамы окуу жайга кандай өзгөрүүлөрдү алып келет? Алдыда кандай жаңы амбициялар, кандай пландары бардыгы тууралуу маек курдук.