Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарында 10-сентябрдан 10-декабрга чейин кыргыз тилинин үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, түзүм бул буйрукту мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата чыгарган. 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу белгиленет. Мындан сырткары, билим берүү уюмдарынын жетекчилери мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата ички иш-чаралар планын иштеп чыгып, аткарат. Үч айлык 12-декабрда салтанаттуу иш-чара менен жыйынтыкталары кошумчаланды.
Ысык-Көлдөгү пансионаттарга пляждагы, кумдун арасындагы таштандыны атайын техника менен тазалоо милдети жүктөлүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды. мыйзам долбоордун негиздемесинде тазалоо жагынан кумдуу жана үлүл кабыктуу пляждар эң татаал болуп эсептелери, мында кичинекей таштандыны электен өткөрүү жана чыгарып салуу үчүн гусеницалуу жана дөңгөлөктүү шассиси бар атайын техника, кол машиналары керектиги жазылган. Ошондой эле пляж жыл сайын таза кум жана майда таш менен жаңыланып, кумдун үстүңкү катмары жумасына кеминде бир жолу жумшартылышы керектиги белгиленген. Ал эми көзөмөлдөө айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылары белгиленген. Эгерде пляж, кум катуу калдыктардан өз убагында тазаланбаса алгач эскертүү берилет. Мындан кийин бир жылдын ичинде кайталанса жеке жактарга 5 000 сом, юридикалык жактарга 10 000 сом айып салынат.
Казакстандан Кызыл китепке кирген ителгилерди алып кирген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 18 жаштагы жигит "Ак-Жол" өткөрмө пункту аркылуу куштарды унаанын багажына салып өткөн. Факт боюнча "Экономикалык аткезчилик" беренесинин негизинде иш козголду. Төрт ителги реабилитациялык борборго өткөрүлүп, шектүү облустук бөлүмгө жеткирилген.
АКШ Батыштын курал-жарагын колдонууга коюлган чектөөлөрдү алардан мурун Владимир Зеленскийдин Россиянын түпкүрүнө урула турган соккулары боюнча так стратегиясын билүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Вloomberg бсылмасы жазды. Анда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Улуу Британия ТИМинин башчысы Дэвид Лэмми Киевге жасаган сапары учурунда Зеленский жана анын командасынан кийинки жылга карата планын сурашканы айтылат. Бул Украинанын көздөгөнү эмне экенин так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясында Киевге Россиянын аймагына сокку урууга уруксат берүү маселесинде ажырым пикир пайда болгону кабарланган. Ал эми Telegraph басылмасы Байден ушул жумада Киевге Россияга чабуул жасоо үчүн британиялык "Сторм шадоу" ракеталарын колдонууга салган тыюусун алышы мүмкүн экенин жазган. Владимир Путин НАТО мамлекеттери Киевге Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берип от ме