"Быйыл райондун бюджети 30 пайызга өстү. Ошондой эле Тамчыдагы аэропорттун жанына заманбап өткөрүү пункту курулууда. Кирпич, бетон чыгаруучу заводду кошкондо ушул жылы онго жакын ишкана ачуу пландалууда. Тилекке каршы, жаратылыш кырсыктары дүйнөдө мурдагыга салыштырмалуу көп катталып жатканы байкалат. Бизде да 18-августтун түнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, айрыкча Ысык-Көл облусунун Казыбек айыл өкмөтүнүн айылдары жабыркады. Булан-Сөгөттү, Корумду, Кашат айылдарын кошкондо жалпысынан 400гө жакын үйдү сел каптаган. Эң негизгиси, элибиз тынч, эч кандай адам өмүрүнө коркунуч катталган эмес. Болгону тургундар материалдык зыянга учурады. Бирок ошол эле түнү облустун губернатору Уланбек Далиев келип, аким катары өзүм бүт кызматтарды көтөрүп, жергиликтүү жамаат, жаштар уюмдары, коомчулук менен чогуу иштештик. Муну менен катар авариялык абалдагы үйлөр аныкталып, категорияларга бөлүндү. Тургундардын короосун, эшигинин алдын 1,5 метрге чейин ылай каптап калган учурлар болду. Кырсыктын кесепетин жоюу максатында ӨКМ 400 кызматкери менен күнү-түнү иштеди. Кыргызстандыктар да карап турбастан туш тараптан жардам берип, техникасын да алып келишти. Бүгүн ӨКМ жана жергиликтүү бийлик уюштуруп берген техникалар менен тазалоо иштери активдүү жүрүп жатат. Азыр ички жолдор толугу менен ачылды. Эми Темир айылындагы жабыркаган 7 үй жылдырылат жана каналдын боюндагы сел каптоо тобокелдиги жогору имараттардын коопсуздугу да каралат", — деди Ормонов.