БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкерлердин дебаты Дональд Трамп жана Камала Харрис Украинадагы согуш боюнча Американын ролу кандай экенин так биле алышпай тургандыгын көрсөттү. Бул туурасында Responsible Statecraft журналынын баш редактору Келли Влахостун айтканын РИА Новости жазды.
"Трамп менен Харрис тышкы саясат боюнча так программасы жоктугун эле көрсөтпөстөн, тарыхты, факт, сандарды эби жок колдонуп айтып, кадимки эле пантомимага кирип кетишти. Украина жана Газа боюнча айткан пландары бүт дебатты баш-аягы жок кылып койду", — деген ал.
Влахос эки талапкердин Украинадагы кырдаалды чечүү боюнча ыкмаларын сынга алган. Согушка чекит коем деген алкоого арзырлык аракети болгону менен Трамп Москва жана Киевдин тирешүүсүнүн чыныгы себебин көрүп, эске ала албагандыгын белгилеген.
Журналисттин пикиринде, республикачыл талапкер татаалдашып кеткен саясий кырдаалды президент Жозеф Байден менен Харристин жеке өздөрүнүн алсыздыгы менен алмаштырып алды.
Башкы редактор Харрис атаандашы сыяктуу эле иштин чыныгы жагдайынан такыр алыс калган деп эсептейт. Талапкер айым 2022-жылдын согушка чакырган урааны менен жашап келет жана мунусун АКШнын акчасы түгөнмөйүнчө уланта берет. Ал Харристин Вашингтондун жана Украинанын Россия менен жаңжалды улантуусунун эмне кереги бар экенин так түшүндүрө албай жаткандыгын белгилеген.
"Трамп да, Харрис да Американы акыркы орунга коюп жатат. Талапкерлер бири-бирине тап коюп асылганы болбосо, эмне деген башаламандык (Газада, Украинада — ред.) менен алпурушуп жатканыбызды түшүндүрүп бере алышкан жок. Американын эли муну ойлонушу керек", — деген оюн жыйынтыктаган баш редактор.
АКШнын президенттигине талапкерлер Трамп менен Харристин биринчи теледебаты ABC телеканалында 11-сентябрда болду.
Атаандаштар АКШнын тышкы жана ички саясатын, экономиканы, бойдон алдырууга салынган тыюуну, мыйзамсыз миграцияны, Украина менен Газа тилкесиндеги чатакты талкуулады. Сын жаадырып, кээ бир жерлерден бири-бирин күнөөлөдү.