Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Оверчук Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү канчалык өскөнүн айтты

РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары белгилегендей, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири боло алды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. 2024-жылдын биринчи жарымында Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2 пайызга өскөнүн Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди.
Ал белгилегендей, Россия Федерациясы Кыргызстандагы эң ири инвесторлордун бири болуп саналат.
"2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири болду. Учурда республикада россиялык бизнестин катышуусу менен жалпы суммасы 10 миллиард доллардан ашкан 62 инвестициялык долбоор бар. Анан, албетте, бул жерде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролун дагы белгилеп коюу зарыл", — деди Оверчук.
Кыргызстанга электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирген Россияга ыраазычылык айтылды