Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

КР менен РФ президенттери сооданы 5 млрд. долларга жеткирүүнү тапшырды

Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы бул амбициялуу максатка кантип жетүүгө болорун айтты.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын президенттери жылдык соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасын коюшту. Бул тууралуу VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода 3 миллиард доллардан ашкан.
"Ошентсе да биздин жетекчилер алдыбызга амбициялуу милдетти коюшту. Тагыраагы, алар бул көрсөткүчтү 5 миллиард долларга жеткирүүнү тапшырышты", — деди Жапаров.
Ал белгилегендей, бул максатка төмөнкү чаралар аркылуу жетүүгө болот:
жаңы рынокторду ача турган жана бизнеске болгон тоскоолдуктарды азайтуучу электрондук коммерцияны өнүктүрүү;
ишкерлер үчүн чыгымдарды кыскартуу, бул бизнестин майнаптуулугун арттырат;
экспортчуларды колдоо үчүн жаңы финансылык инструменттерди киргизүү;
кошумча наркты жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн өнөр жай кооперациясы керек;
товарлардын эркин өтүүсүн камсыз кылуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чек араларындагы тоскоолдуктарды жоюу зарыл.
"Кыргызстандын демилгеси менен биздин өлкөлөрдү Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизиндеги паромдук каттамдар менен байланыштырган жаңы мультимодалдык транспорттук маршрут иштелип чыгууда. Бул биздин логистиканы өнүктүрүүгө түрткү болуп, соода жүгүртүүнү тездетет. Муну менен экономикалык байланыштарыбыз бекемделет", — деди ал.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Акылбек Жапаров: Кыргызстан — Россия кызматташтыгынын жаңы этабы башталууда