RT каналынын Майамидеги кызматкеринин үйүн тинтүүгө ФБРдин 20 агенти келди

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. ФБРдин куралдуу агенттери АКШда RT телеканалынын кызматкеринин үйүн тинтип, аны ур-соккуга алышканын "RT на русском" Telegram каналы кабарлаганын РИА Новости жазды.
"Ал Майамиде иштеген. Үйүнө күч кызматкерлери келишти. Бул таңкы саат бешке чукул убак эле. Кызматкер бул учурда уктап жаткан. Кийингенге мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Уруп-сабап, тинтүүгө алышкан", — деп айтылган анда.
Кыздын үйүнө ФБРдин куралданган 20 кызматкери келгенин, кооптуулуктан улам аты-жөнүн билдирбей турушарын жазышты.
Кызматкердин айтымына караганда, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү үйүн тинтишкен, буга алардын "атайын ордери" болгон. Кызды беш саатка чукул сурашкан. "Сүйлөшүү" RT телеканалынын баш редактору Маргарита Симоньян жана каналдын башка топ-менеджерлери туурасында жүргөн.
"Күч түзүмдөрүндөгүлөр менен жазышкандарымды да текшеришти. Ал үчүн телефонумду ачууну суранышты. Тинтип бүткөндөн кийин бардык гаджеттерди алып кетишти", — деп айтылган маалыматта.
Аларды RT колумнисти, АКШнын Чалгын кызматынын мурдагы офицери Скотт Риттер да кызыктырган. Андан сырткары, каналдын финансыланышы тууралуу кенен маалымат алууга аракет кылышкан. Кызга расмий айып тагылбаганы менен кийинчерээк кайсы бир иш боюнча шектүү делип жатканы жазылды. Акырында кызматкер өзүнүн коопсуздугу үчүн Кошмо Штаттардан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
АКШнын Финансы министрлиги 2024-жылдын 4-сентябрында "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян, анын орун басарлары Антон Анисимов жана Елизавета Бродскаяга санкция салган. Алардан сырткары, бул тизменин ичинде RT телеканалынын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы Андрей Кияшко, санариптик долоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Константин Калашников жана бир катар кызматкерлер бар. Калашников менен RT кызматкери Елена Афанасьевага арам акчаларды адалдоо максатында бир кепке келип алышкан жана чет элдик агенттерди каттоо жөнүндөгү мыйзамды бузган деген айыптар тагылган.
АКШнын Мамлекеттик департаменти "Россия сегодня" медиатобун жана анын АКШдагы туунду компанияларына "чет элдик миссия" макамын тагып, ишин чектеген. Америка мыйзамы эми мекемеден АКШда иштеген кызматкерлер жана алардын мүлкү тууралуу да маалымат берүүнү талап кылууда.
Муну менен катар эле АКШ бийлиги "Кремль колдойт" делген ЖМКларда иштеген адамдарга виза берүүнү чектөө тууралуу жаңы саясатын да жарыялады. Мамдепартамент бул жагдай кимдерге тиешелүү экенин тактоодон баш тарткан.
Мекеменин расмий өкүлүнүн айтымында, чектөө Россиянын айрым журналисттерине эмес, чектөөгө кабылган уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине "Россия сегодня" медиатобуна каршы санкцияга жооп АКШнын Россиядагы ЖМКларынын маалымат жайылтуусуна чектөө киргизүү менен болорун билдирген.
Симоньян RT, "Россия сегодня" тобуна салынган санкциялардын себебин атады