Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Россиялык ишкерлер Кыргызстанда технопарк түзүүгө кызыкдар

Өз кезегинде Экономика министрлиги иштин шарты тууралуу айтып берди.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Россиялык ишкерлер Кыргызстанда технопарк түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу "Химград" технополисинин башкы директору Айрат Гиззатуллин VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунун сессияларынын биринде билдирди.
Анын айтымында, технополистин аянтчасында 370 чакан жана орто компаниялар иш алып барат. 2022-жылы Өзбекстанда инвестициясынын көлөмү 200 миллион долларга жеткен эки технопарк ачылып иштөөдө.
"Химград" технополисинин башкы директору Айрат Гиззатуллин
"Учурда кыргыз өнөктөштөрүбүздүн, Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин, ошондой эле эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен Кыргызстанда технопарк түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Албетте, экономикалык кызматташуубуз рекорд коюуда, сооданын көлөмү өсүп жатат. Бирок биз эки өлкө бири-бирин өнөр жай кооперациялары жаатында байытса, жаңы ишканалар түзүлсө деп умтулуп жатабыз", — деди Гиззатуллин.
Ал эки тараптуу экономикалык алаканы бекемдөө үчүн каржылоо механизмдери иштелип чыгып, бардык институционалдык чечимдер кабыл алынганын, ошондой эле саясий эрк бар экенин белгиледи.
"Долбоорлор кайда ишке ашары тууралуу маселе да өтө орчундуу. Россиялык компаниялардын ал жерге келип ишин баштоосу үчүн тиешелүү шарт түзүп бергендей болушубуз керек", — деди технополистин жетекчиси.
Гиззатулинден кийин экономика министринин орун басары Искендер Алыкулов сүйлөдү.
"Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү эске алуу менен республика технологиялык жана индустриялык парктардын түзүлүшүнө кызыкдар, колдоого алат", — деди Алыкулов.
Эскерте кетсек, ушул жылдын жай айларында Кыргызстанда "Технологиялык парктар тууралуу" мыйзам кабыл алынган, аны иштеп чыгуу учурунда Россия тараптын да сунуш-пикири эске алынган болчу.
Алыкулов технопарктарда иштөө үчүн төмөнкү тармактарды карап чыгууну сунуштады:
энергетика;
түстүү, баалуу жана сейрек кездешүүчү материалдардын металлургиясы;
курулуш материалдарынын өнөр жайы;
фармацевтика;
электроника, тиричилик техникасы;
машина куруу.
Алыкулов өлкө мыйзамдары инвестициялык макулдашуунун алкагында резиденттер үчүн салык жаатында жеңилдиктерди берүүгө жол ачарын белгиледи.
Министрдин орун басары делегациялардын сапары жана маанилүү документтерге кол коюлушу жемишин берип, Кыргызстандын аймагында россиялык компаниялардын катышуусу менен технопарк түзүү боюнча долбоорлорду баштоого шарт түзөрүн белгиледи.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Эки тараптуу фонддор берген насыялардын 95%ы РКӨФкө туура келет