Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Соода-өнөр жай палатасы россиялык бизнес Кыргызстандын эмнесине кызыгарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев россиялык бизнестин Кыргызстанга болгон кызыгуусу күч экенин билдирди.
Ал ушу тапта Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда сүйлөгөн.
Сариевдин айтымында, Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климат түзүлгөн. Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси жакында эле социалдык чегеримдерди азайтуу каралган мыйзам кабыл алынганын белгилеп, инвесторлорду мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга чакырды.
"Акыркы 1,5 жылдан бери дээрлик күнүгө россиялык ишкерлерди кабыл алып жатам", — деди Сариев.
Эскерте кетсек, форумга 600дөй делегат катышууда. Арасында эки өлкөнүн маморгандарынын жана аймактарынын жетекчилери, Евразия экономикалык комиссиясы, "Газпромбанк", "Росатом", Москва мамлекеттик университетинин өкүлдөрү бар.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
КР менен РФ президенттери сооданы 5 млрд. долларга жеткирүүнү тапшырды