Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Акылбек Жапаров: Россияда иштеген кыргызстандыктар эки өлкөгө тең пайдасын тийгизүүдө

Жапаровдун айтымында, эмгек миграциясы — бул эки мамлекеттин алакасындагы маанилүү социалдык аспект.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Россияда иштеген кыргызстандыктар эки өлкөнүн тең экономикасына чоң салым кошуп жатышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди.
Аталган иш-чара бүгүн башталды. Форумга 600 делегат катышууда. Арасында эки өлкөнүн маморгандарынын жана аймактарынын жетекчилери, Евразия экономикалык комиссиясы, "Газпромбанк", "Росатом", Москва мамлекеттик университетинин өкүлдөрү бар.
Жапаровдун айтымында, эмгек миграциясы — бул эки мамлекеттин алакасындагы маанилүү социалдык аспект.
"Россияда иштеген Кыргызстандын жарандары эки өлкөнүн тең экономикасына олуттуу салым кошуп жатышат. Алардын эмгеги абдан маанилүү. бирок ошол эле учурда азыркы кырдаал жакшылап ойлонулган чечимдерди талап кылууда", — деди өкмөт башчы.
Жапаровдун айтымында, миграция маселесинде стратегиялык чечимдер зарыл. Буга тартип сактоо боюнча биргелешкен чаралардан тарта вахталык ыкманы пайдалануу менен миграциялык агымды майнаптуу уюштурууга чейин методдор кирет.
"Биргелешип иштөө эки өлкөгө тең пайда алып келе турган чечимдерди кабыл алууга жол ачат", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Баласын камкорчусуз калтырган мигранттардын жоопкерчилигин кароо сунушталды