Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Новиков: РКӨФ ири долбоорлорду каржылоодон чочулабай калды

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. РКӨФ ири долбоорлорду каржылоодон чочулабай калды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди.
Эскерте кетсек, иш-чара Ысык-Көлдүн Бостерисинде өтүүдө.
Новиковдун айтымында, акыркы үч жыл ичинде фонддун финансылык колдоосу менен 100дөн ашуун өнөр жай объектилери ачылган, ал эми ишке ашкан жалпы долбоорлордун саны 3,5 миңге чамалап барат.
"Фонд катары ири долбоорлорду ишке ашыруудан чочулабай калдык", — деди ал.
Новиков фонд кеңешинин кечээки жыйынында жалпы баасы 450 миллион доллардан ашкан жаңы долбоорлор бекитилгенин кошумчалады. Төрага министрлер кабинетинин активдүү позициясынын аркасы менен инвестициялык макулдашууларга эки жумада кол коюуга болорун белгилеген.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Новиков: финансы институттары эми ресурсун карап жээкте отура бере албайт