Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

РКӨФ Кыргызстандагы үч энергетикалык долбоорго 80 млн. доллар бөлөт

Фонддун инвестициялык саясатына долбоорлорду кароо жана бекитүү тартибин жакшыртууга багытталган өзгөртүүлөр да жактырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын 80 миллион долларга каржылоо боюнча үч долбоорду жактырды.
КР экономика жана коммерция министри, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) кеңешинин мүчөсү Данияр Амангелдиев Ысык-Көлдө өткөн кеңештин 19-жыйынына катышты. Анда фонддун 2023-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, ийгиликтүү деп табылган.
"Жалпы суммасы 80 миллион доллардан ашкан энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча үч инвестициялык долбоорду каржылоо бекитилди. Бул фонддун экологиялык таза жана туруктуу демилгелерди колдой турганын айгинелейт", — деди Амангелдиев.
Мындан тышкары, фонддун инвестициялык саясатына долбоорлорду кароо жана бекитүү тартибин жакшыртууга багытталган өзгөртүүлөр да жактырылды. Бул келечекте инвестициялык долбоорлор менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатат.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Оверчук Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү канчалык өскөнүн айтты