Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Владимир Путин Акылбек Жапаровду Достук ордени менен сыйлады

Достук ордени Россиянын мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия президенти Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде Достук ордени менен сыйланды. Мамлекеттик сыйлык өкмөт башчыга Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда тапшырылды.
Бул сыйлыкка ал Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоодогу, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн татыган.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия президенти Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде Достук ордени менен сыйланды

2 / 2

Мамлекеттик сыйлык өкмөт башчыга Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда тапшырылды

Орденди Жапаровго Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук такты.
"Бул — өтө жагымдуу милдет. РФ президентинин атынан Россия менен Кыргызстан элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө үчүн биз ойлогондон да көп иштерди жасап жаткан Акылбек Жапаровго мындай сыйлыкты тапшыруу да жагымдуу болуп жатат", — деди Оверчук.
Ал эки тараптын алакасына жана анын келечегине да токтолду.
"Бул аянтчада кесиптештерибиз көрсөтүп жаткан, Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактарында жаралган ийгиликтер — биздин жалпы жетишкендиктерибиз. Кыргызстандын, андагы ишканалардын ийгилигине, алардын заманбап болуп жана улам бир тарабын жакшыртып, өндүрүштө продукцияларынын агымын кеңейтип, Евразиялык экономикалык биримдик берген артыкчылыктан пайдаланып экспортко чыгып жатканына кубанабыз", — деди өкмөт башчынын орун басары.
Ал бүгүнкү иш-чара Кыргызстан менен Россиянын жакындыгынын белгиси экендигине жана мамлекеттер аралык өз ара соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдөгү уникалдуу аянтча болуп жаткандыгына токтолду.
"Бул — жандуу курал. Биз буга бүгүн дагы бир жолу ынандык, жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарыбызды майнаптуу кылып толуктап турганына дагы ынанабыз. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ырааттуу кеңейип жатат. Бул республика — биздин ишенимдүү союздаш жана стратегиялык өнөктөш," — деп кошумчалады ал.
Достук ордени — РФтин жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Президенттин жарлыгы менен 1994-жылдын 2-мартында түптөлгөн.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Оверчук Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү канчалык өскөнүн айтты