Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Кыргызстанга Россиядан ири бизнесмендер келди. Видео

Иш-чарага чалпысынан 600 делегат келген.
Sputnik
Россия бизнесинин өкүлдөрү Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышуу үчүн келишкен. Алардын арасында эки өлкөнүн маморгандарынын жана аймактарынын жетекчилери, Евразия экономикалык комиссиясы, "Газпромбанк", "Росатом", Москва мамлекеттик университетинин өкүлдөрү бар.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров форумдун максаты эки өлкө ишкерлеринин ортосундагы байланышты чыңдоо экенин айтты.
"Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп кала берет, эки өлкөнү экономикалык кызыкчылыктар эле эмес, кылымдарды карыткан маданий, тарыхый жана социалдык алака да байланыштырып турат. Азыр алаканы чыңдап, ошол эле учурда чечкиндүү кадамдарга бара турган мезгил келди", — деди Жапаров.
Ал эми Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстандын экономикалык өсүүсүнүн жогорку темпин белгилеген.
"Биз Кыргызстандын ийгиликтерине, компаниялардын жетишкендиктерине кубанып жатабыз. Канчалык заманбап экенин, Евразиялык экономикалык биримдик берген артыкчылыктарды пайдалануу менен өнөр жайын кеңейтип, экспортко чыгып жатканын көрүүдөбүз", — деди РФ өкмөтүнүн өкүлү.
Тема боюнча:
Акылбек Жапаров: Кыргызстан — Россия кызматташтыгынын жаңы этабы башталууда