Ишке орноштуруучу 11 агенттик бир катар өлкөдө иш алып бара албайт. Тизме

Министрлик жумушка орноштурууга байланышкан кыйынчылыктарга туш болгондорго юридикалык консультация көрсөтө турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жумуш менен камсыз кылган 11 агенттиктин чет өлкөдө ишке орноштуруу менен алектенүүгө берилген уруксаты жокко чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, уруксатты жокко чыгарган өлкөлөрдүн саны 11ге жетет. Алардын тизмеси менен кенен таанышууга болот.
Чет өлкөдө жумушка орношууда кыйынчылыктарга туш болгон жарандар +996 559 189 900 (WhatsApp) ишеним телефонуна чалып, юридикалык жардам жана консультация ала алышат.
Министрлик Европада ишке орноштурган компаниянын ишин токтотту