Казакстандан ителгилерди мыйзамсыз алып кирген жигит кармалды. Видео

Кызыл китепке кирген куштар багажниктин алдына катылганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Казакстандан Кызыл китепке кирген ителгилерди алып кирген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18 жаштагы жигит "Ак-Жол" өткөрмө пункту аркылуу куштарды унаанын багажына салып өткөн.
"Кызыл китепке кирген куштар багажниктин алдына катылган. Факт боюнча "Экономикалык аткезчилик" беренесинин негизинде иш козголду. Төрт ителги реабилитациялык борборго өткөрүлүп, шектүү облустук бөлүмгө жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканы кошумчаланды.
Радио
Мадиев: Кызыл китептеги жаныбарды аткандарды кабарлаган адамга сый акы берилет