БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. УКМКнын спецназы Жогорку Кеңештен эки кишини кармап кетти.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, алар депутат Гүлкан Молдобекованын ("Альянс" фракциясы) кабинетинен чыгарылган. Кармалгандар депутаттын жардамчылары экени айтылууда.
Фракциянын лидери Жанар Акаев бул боюнча үн катты.
"Молдобекованын өзүнө тиешеси жок, такыр башка маселе. Депутат учурда төрага менен биргеликте Өзбекстанда иш сапарда жүрөт", — деди Акаев.