УКМК: Чүйдө курал-жарак жана ок-дары сакталган жай табылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дары сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жашыруун жерден граната (Ф-1), эски үлгүдөгү болжолдуу "Браунинг 1900" маркасындагы тапанча, МР 371 маркасындагы сигналдык тапанча, Калашников автоматынын магазини жана ок-дарылар аныкталган.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, курал-жарактар экспертизага жөнөтүлгөнү айтылды.
УКМКнын спецназы Жогорку Кеңештен эки кишини кармап кетти