Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Көчмөндөр оюндары: Казакстандын командасы көкпар финалында жеңүүчү деп табылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көкпардын финалы Казакстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.
Негизги убакыт 4:4 эсеби менен аяктап, жеңүүчү кошумча убакытта аныкталды. Көкпардын эрежеси боюнча кошумча 10 мүнөт берилип, кайсы команда улакты озунуп салса, ошол жеңүүчү деп табылат. Натыйжада бешинчи улакты казак спортчулары салып кетти.
Анткен менен социалдык тармактарда оюнду тейлеген калыс Казакстан көкпар командасынын бешинчи "оюнчусундай" аракет кылганын жазышууда. Анын бир командага ачык жан тартып жатканы эки тараптын тең күйөрмандарын иренжитти.
Бүгүн 17:30да көк бөрү боюнча финалда дагы эки өлкөнүн улакчылары намыс талашат.
Көчмөндөр оюндарынын кийинкиси Кыргызстанда өтмөй болду