Көчмөндөр оюну: Казакстан менен Кыргызстан көк бөрү жана көкпардын финалында ойнойт

Коло байге үчүн Россия менен Түркиянын командалары күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бүгүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жер улак (көкпар), көк бөрүнүн финалы болот.
Улак тартыш боюнча кош финалда Кыргызстан менен Казакстан командалары кездешмей болду. Тактап айтканда, көкпар (тай казаны жок) боюнча финал 11:30да, ал эми көк бөрү (тай казан менен) 17:30да башталат.
Ага чейин Россия жана Түркия көкпар жана көк бөрү боюнча коло байге үчүн күч сынашат.
Көчмөндөр оюндарынын кийинкиси Кыргызстанда өтмөй болду