Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Акылбек Жапаров: Кыргызстан — Россия кызматташтыгынын жаңы этабы башталууда

Өкмөт башчы өз ара түшүнүшүүгө жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-орус кызматташуусу өнүгүп, эки эл үзүрүн көрөрүнө ишеним арткан.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия эки тараптуу кызматташуунун жаңы этабынын алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди.
Өкмөт башчы Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп кала берерин, эки өлкөнү экономикалык кызыкчылыктар эле эмес, кылымдарды карыткан маданий, тарыхый жана социалдык алака да байланыштырып турарын белгилеген.
Жапаров ишенимге, өз ара түшүнүшүүгө жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-орус кызматташуусу өнүгүп, эки эл үзүрүн көрөрүнө үмүт артты. Анын айтымында, алдыда эки мамлекеттин мамилесин мындан да бекемдей турган амбициялуу долбоорлор бар.
"Кыргызстан менен Россия кызматташуусунун жаңы этабынын алдында турабыз. Учурдагы геосаясий жана экономикалык чакырыктар кыйынчылыктар менен эле коштолбостон, өсүп-өнүгүүгө жана байланышты бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда", — деди өкмөт башчы.
Анын айтымында, бул үчүн ийкемдүү келип, демилгелүү болуп, алдыны көрө билүү зарыл.
Эскерте кетсек, форумга 600 делегат катышууда. Арасында эки өлкөнүн маморгандарынын жана аймактарынын жетекчилери, Евразия экономикалык комиссиясы, "Газпромбанк", "Росатом", Москва мамлекеттик университетинин өкүлдөрү бар.
Форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар коюлган.
Форумдун максаты — эки өлкө ишкерлеринин ортосундагы байланышты чыңдоо. Катышуучулар эл аралык технопарк, өнөр жай кооперациясы, фонд рынокторун өнүктүрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашып, жашыл энергетика долбоорлорун жана туристтик жаңы кластерлерди биргелешип ишке ашырууну талкуулашат.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Акылбек Жапаров: Россияда иштеген кыргызстандыктар эки өлкөгө тең пайдасын тийгизүүдө