Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Кыргызстанда импортту алмаштырган товарлардын көлөмү жогорку көрсөткүчкө чыкты

Новиков курулуштун азыркыдай жогорку темпи Кыргызстанда советтик мезгилден бери боло электигин кошумчалады.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Курулуш материалдары жана азык-түлүктөр жаатындагы импортту алмаштырган товарлар боюнча көрсөткүч тарыхтагы жогорку чегине жетти. Бул туурасында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумда айтты.
"Курулуш материалдары жана азык-түлүк жаатындагы импортту алмаштырган товарлар боюнча көрсөткүч тарыхый жогорку чегине жетти. Бүгүн курулуштун азыркыдай жогорку темпи Кыргызстанда советтик мезгилден бери боло электигин көрүп жатабыз", — деди Новиков.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Оверчук Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү канчалык өскөнүн айтты