Нарын: УКМК бир нече аткаминерди жер сатууга айыптап кармады

Аткаминерлер Жумгалдын Чаек, Байзак айылдарындагы 2,84 гектар айыл чарба жерин үй курууга берип салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Нарында жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүүгө шектелип бир нече аткаминер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр Жумгал районунун Чаек, Байзак айыл аймактарындагы 95 миллион сомго бааланган 2,84 гектар айыл чарба жерлерин турак жай куруу үчүн жеке жактарга өткөрүп берген. Алар документтерди жасалмалап, жалган маалымат жазгандыгы айтылды.
Атайын кызмат буга байланыштуу райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы менен орун басарын, ошондой эле маморгандардын бир катар жетекчилери менен кызматкерлерин убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Ат-Башыда экс-чиновниктин бири алды делген 162 гектар жер өкмөткө кайтарылды