Пансионаттарды пляжды атайын техника менен тазалоого милдеттендирүү сунушталды

Ошондой эле пляж жыл сайын таза кум жана майда таш менен жаңыланып, кумдун үстүңкү катмары жумасына кеминде бир жолу жумшартылышы керектиги жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү пансионаттарга пляждагы, кумдун арасындагы таштандыны атайын техника менен тазалоо милдети жүктөлүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.
Аны депутаттар Замирбек Мамасадыков, Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Венера Раимбачаева демилгелеген.
"Тазалоо жагынан кумдуу жана үлүл кабыктуу пляждар эң татаал болуп эсептелет. Мында кичинекей таштандыны электен өткөрүү жана чыгарып салуу үчүн гусеницалуу жана дөңгөлөктүү шассиси бар атайын техника, кол машиналары керек", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Ошондой эле пляж жыл сайын таза кум жана майда таш менен жаңыланып, кумдун үстүңкү катмары жумасына кеминде бир жолу жумшартылышы керектиги жазылган.
Ал эми көзөмөлдөө айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылары белгиленген.
Эгерде пляж, кум катуу калдыктардан өз убагында тазаланбаса алгач эскертүү берилет. Мындан кийин бир жылдын ичинде кайталанса жеке жактарга 5 000 сом, юридикалык жактарга 10 000 сом айып салынат.
Ысык-Көлдүн бетиндеги тактар боюнча министрлик түшүндүрмө берди. Видео