Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Кыргызстанда эки кишилик тик учактар куралууда. Көргөзмөдөн тартылган видео

Тик учактар 70 литр май менен 600 чакырымды учуп өтө алары, ылдамдыгы саатына 120-130 чакырымга жетери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстанда эки кишилик тик учактар чогултулуп, бешөө сыноодон өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди.
Ал Ысык-Көлдө VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан көргөзмөгө чыгарылган учактардын видеосу менен бөлүшүп, ошол жерде жүргөн кыргызстандык учкуч Союзбек Салиевдин пикирин билди.
Тетиктер Польшадан алып келинип, Кыргызстанда чогултулууда. Тик учактар 70 литр май менен 600 чакырымды учуп өтө алат. Ылдамдыгы саатына 120-130 чакырымга жетери айтылды.
"Булар кыска аралыкка учат, биздин тоолуу шартка ылайыкталган. Баасы 60 миң доллардан жогору. Тик учактарды башкарууну каалагандар 72 саатта атайын программанын жардамы менен үйрөнүп алса болот", — деп сыпаттады транспортторду кыргызстандык учкуч Союзбек Салиев.
Ошондой эле лизингге алуу жолдору каралганы кошумчаланды.
Asman Airlines компаниясынын биринчи учагы "Манас" аэропортуна конду