Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кең-Сай", "Үч-Коргон" өткөрүү бекеттери ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу былтыр 14 миллиондон ашуун, быйыл сегиз айда 11 миллион киши өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы кайрадан курулган "Кең-Сай" жана "Үч-Коргон" өткөрүү пунктулары ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Анын ачылышына суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышып, бул бекеттер туристтердин агымын жогорулатууга, эки өлкөнүн тең транспорттук логистикасына жана элдин күнүмдүк жашоосуна ыңгайлуу шарт түзөрүнө ишенерин билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган сапарында Жалал-Абад облусу менен Наманган облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча бекитилген жол картасына ылайык, жогорудагы өткөрүү пунктуларын кайрадан жандандыруу маселеси каралганы белгиленди.
Статистикалык маалыматтарга караганда, кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу былтыр 14 миллиондон ашуун адам өтсө, быйыл сегиз айда 11 миллион киши өткөн. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 693,6 миллион доллар болсо, 2024-жылдын жети айында 428 миллион долларга жеткени кошумчаланды.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Суу" пункту 14 жылдан кийин ишин жандантты