Окуунун жаңы графиги тыгынды күчөттүбү? Мэрия менен Кайгуул милиция үн катты

Буга чейин депутаттар жаңы график ыңгайсыз экенин жана ал жол тыгынын күчөтүп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Окуунун жаңы графиги таңкы тыгынды азайтып, жолдорго болгон басымды күн ичине бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берди. Бул тууралуу мэрия тараткан маалыматта айтылат.
Эске салсак, жаңы окуу графиги боюнча нааразычылык күч алып, маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда депутаттар бул чара тыгынды азайтпай эле күчөтүп жатканын айтышкан.
Анткен менен Патрулдук милиция натыйжа бар экенине ынандырууда. Урунттуу учурлары:
мектеп окуучуларынын кеминде 40 пайызы (болжол менен 80 миң окуучу) мектепке 6:30дан 7:00гө чейин чыгат. Калган 60 пайызы 7:00дөн 7:30га чейин. Бул эртең менен автоунаалардын бир убакта эмес, бөлүнүп чыгуусуна мүмкүнчүлүк түздү;
студенттердин окуусу 10:00дө башталгандан бери эртең менен коомдук транспорттун жүгү да азая түштү. Анткени студенттердин көбү 9:00дө чыгат. Азыр студенттердин 30 пайызынын автоунаасы бар. Ошондо эртең менен тыгын 30 пайызга азайды деп божомолдосо болот;
экинчи сменада окуган студенттердин сабагы кеч бүтөт деген нааразычылыкка Кайгуул милиция коомдук транспорт саат 24:00гө чейин жүрөт деп жооп берди.
Министрлик жаңы окуу графиги боюнча кат даярдап жатканын айтты