Быйыл өлкөдө эт, сүт, жумуртка жана жүн былтыркыдан көп өндүрүлдү. Статистика

Маалымат 1-сентябрга карата алынып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги өлкөдө өндүрүлгөн мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн жана көлөмүн санады.
Маалымат 1-сентябрга карата алынып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырылган.
Эт — 272,3 миң тонна (5 миң 566 тоннага же 2,1 пайызга көп)
Эт өндүрүшүнүн өсүшү малдын көбөйүшү менен байланыштуу. 2023-жылдын аягына карата өлкөдө бодо малдын саны 18,8 миңге, кой жана эчкинин саны 15,1 миңге, жылкынын саны 8,5 миңге жана канаттуулардын саны 620 миңге көбөйгөн.
Сүт — 1 миллион 238 миң тонна (30,4 миң тоннага же 2,5 пайызга көп)
Уйдун саны былтыркыдан 16,5 башка көбөйүп, сүттүүлүгү дагы жакшырды. Орточо саан отчеттук мезгилде 21,6 литрге көбөйүп, жалпы 1 376,2 литрди түздү.
Жумуртка — 533 миллион 374 миң даана (50 миң 201 даанага же 110,4 пайызга көп)
Тооктун саны 571,1 миңге көбөйдү.
Жүн — 13 миң 148,5 тонна (234 тоннага же 101,8 пайызга көп)
Койдун саны 37 миң 609 башка көбөйгөн.
Пресс-борбор
Министрлик эттин кымбатташы боюнча айтылган билдирүүлөргө жооп берди