Билим берүү мекемелеринде кыргыз тилинин үч айлыгы жарыяланды

Үч айлык 12-декабрда салтанаттуу иш-чара менен жыйынтыкталары кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарында 10-сентябрдан 10-декабрга чейин кыргыз тилинин үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ведомство бул буйрукту мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата чыгарган.
"23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу белгиленет. Мындан сырткары, билим берүү уюмдарынын (мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү) жетекчилери мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата ички иш-чаралар планын иштеп чыгып, аткарат", — деп жазылат маалыматта.
Үч айлык 12-декабрда салтанаттуу иш-чара менен жыйынтыкталары кошумчаланды.
"Сейтек" балдар борбору акысыз ийримдерге чакырат