Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Кыргыз-Россия экономикалык форумунда 1 млрд. долларлык келишимдерге кол коюлду

Эл аралык экономикалык иш-чарада 20 миллиард сомдук келишим түзүү пландалууда
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Кыргыз-Россия экономикалык форумунда азырынча кызматташуу боюнча миллиард долларлык келишимдер түзүлдү. Бул туурасында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков VI Кыргыз-Россия экономикалык ири иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, жети жыл мурда Кыргыз-Россия форуму кыргызстандык жана россиялык бизнесмендердин ортосундагы алака-катыш, байланыш түзүү ниети менен түзүлсө, бүгүн талкуу, делегация өкүлдөрүнүн саны, келишимдер боюнча бир топ жогорулады.
"Бул мезгилдин ичинде бир миллиард долларга жакын инвестициялык жүздөн ашык макулдашууларга, келишимдерге кол коюлду жана миңдеген кыргызстандык жана россиялык бизнес-өкүлдөр катышты. Бул башталышы гана. Жаңы мезгилдер — жаңы мүмкүнчүлүктөр. Ушул форумдун жыйынтыгында эле 20 миллиард сом же 22,5 миллиард рубль өлчөмүндө келишимдерге кол коюлат. Бул келишимдердин басымдуу бөлүгүнүн каржылоо булагы бар", — деп баса белгиледи ал.
Новиков бул форум жакынкы жылдары Санкт-Петербург экономикалык форуму, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) экономикалык форуму жана Дүйнөлүк экономикалык форум сыяктуу талкуу жүргүзгөн эң ири аянтчалардын катарына кирерине ишенерин айтты.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Новиков: финансы институттары эми ресурсун карап жээкте отура бере албайт