Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму

Эки тараптуу фонддор берген насыялардын 95%ы РКӨФкө туура келет

Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 12-сен. — Sputnik. Эки тараптуу өнүктүрүү фондулары берген насыялардын 95 пайызы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна туура келет. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди.
Ал белгилегендей, бизнес үчүн шарттарды түзүү, чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында эки тараптуу өнүктүрүү институттарын түзүү иштери жүрүп жатат. Бул жаатта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду лидер болууда. Анын үлгүсүндө дагы Азербайжан, Венгрия жана Өзбекстан менен фондулар түзүлгөн.
Ошону менен бирге эле 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында бардык эки тараптуу өнүктүрүү фондуларынын ишмердүүлүгү башталгандан бери 3 459 долбоорду каржылоо жактырылган. Жалпысынан 733,7 миллион долларга кредиттер берилген.
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Новиков: финансы институттары эми ресурсун карап жээкте отура бере албайт