Радио

Иминов: мыйзамда сунушталган "жүзүн ачып жүрүү" талабы эркектерге да тиешелүү

Президентке караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов сунушталып жаткан мыйзам боюнча эркектерге да жүзүн жабууга тыюу салынарын айтты.
Sputnik
Дин тутунууну жөнгө салуу багытында сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда "хиджаб" же "никаб" деген терминдер жок. Анда биз "өздүгүн аныктоого мүмкүн болбогон кийимдерди коомдук жана мамлекеттик жайларда кийүүгө болбойт" деп сунуштап жатабыз. Бул тууралуу Айбек Иминов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам долбоорундагы сунуш өтүп калса талапты эркектер да аткарганга милдеттүү болот.
"Кыргызстанда туура эмес диний багыттарга кирип алып, деструктивдүү ой жүгүрткөн адамдар жок эмес. Мына ушулар сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы жүзүн жабууга салынган тыюуну "кыз-келиндерге хиджаб кийгенге уруксат берилбейт экен" деп түшүндүрүп жатышат. Мыйзамда биз "хиджаб" же "никаб" деп жазган жокпуз. Аял же эркек деп бөлгөн жокпуз. Эгер эркек киши, айталы, капюшон кийип, себепсиз медициналык бет кап тагынып, көзүн жашырып же атайын эркектерге арналган жүзүн жапкан маскаларды, баш кийимдерди кийип алса, анда аларга да бул мыйзам тиешелүү болот. Андай эркектер да жоопко тартылат. Бул биринчи кезекте коопсуздук маселесинен улам келип чыгууда. Ал эми диний багытта алып карай турган болсок, никаб кийүү ваажип же милдет эместигин биздин илимдүү аалымдарыбыз билдирди. Андыктан хиджаб же жоолук тууралуу сөз болуп жатат дегендер жөн гана коомду адаштырууга аракет кылып жатышат", — деди Иминов.
Ал кыз-келиндерге жоолугун салынып жүрүүгө тыюу болбой турганын кошумчалады.