Айдоочуларга тоолуу аймактарга барганда дөңгөлөктү алмаштыруу сунушталат

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактарга жана тоолуу ашууларга бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну сунуштайт.
Ведомство Төө-Ашуу, Көк-Бел, Ала-Бел (Бишкек – Ош автожолу), Өтмөк (Талас – Тараз – Суусамыр), Долон (Бишкек – Нарын – Торугарт) жана башка ашууларда чынжырларды ала жүрүүнү эскертти. Анткени анда мезгил-мезгили менен кар жаап жатат.
"Эгерде сиз ашуудан өтүп баратканда авариялык абалга туш болуп, унааңыздын оодарылып кетишине жол бербөө үчүн таш колдонсоңуз, кетип баратканда аны кайра жолдон алып салыңыз. Анткени трассада калган таш кырсыктарга жана тыгындарга кептейт", – деп белгиледи министрлик.
Мындан тышкары, жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыгууга тыюу салынат. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.
ЕАЭБ унаалары Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү үчүн бирдей акы төлөйт. Долбоор