Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Вloomberg: АКШ Киевден Россияга сокку уруу боюнча так стратегия талап кылууда

Буга чейин Telegraph АКШ президенти Жо Байден ушул жумада Киевге Россиянын тереңине сокку уруу үчүн британиялык Storm Shadow ракеталарын колдонууга салган тыюусун алышы мүмкүн экенин кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. АКШ Батыштын курал-жарагын колдонууга коюлган чектөөлөрдү алардан мурун Владимир Зеленскийдин Россиянын тереңдеги аймагына урула турган соккулары боюнча так стратегиясын билүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Вloomberg жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Улуу Британия ТИМинин башчысы Дэвид Лэмми Киевге жасаган сапары учурунда Зеленский жана анын командасынан кийинки жылга карата планын сурашкан. Бул Украинанын көздөгөнү эмне экенин так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бермек.
Буга чейин Financial Times гезити АКШ президенти Жо Байдендин администрациясында Киевге РФ аймагына сокку урууга уруксат берүү маселесинде ажырым пикир пайда болгонун кабарлаган. Ал эми Telegraph Байден ушул жумада Киевге Россияга чабуул жасоо үчүн британиялык Storm Shadow ракеталарын колдонууга салган тыюусун алышы мүмкүн экенин жазган.
РФ президенти Владимир Путин НАТО мамлекеттери Киевге Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берип от менен ойноп жатканын түшүнүшү керектигин эскерткен. Өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия кандай жооп кайтарарын президент менен аскер адамдары жакшы билерин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Россияга ATACMS менен сокку уруу боюнча чечим кабыл алынганын четке какпайт