Өлкөдө Россиянын М.Горький атындагы адабий интитутунун моделинде жазуучулар курсу ачылды

Sputnik
Кыргызстанда адабият ышкыбоздору үчүн атайын курс ачылды. Ал эки жылдык окутуу убактысын камтыйт. Эми жазуучу, акын болууну каалагандар өздөрүнүн талантын такшалтып, профессионалдык деңгээлде билим ала алышат. Курста академик, профессорлор сабак берип, бардык жогорку билими бар, кыл калем ээлери үчүн эшик ачык дейт уюштуруучулар. Курс контарктык негизде, коюлган баасы 50 000 сом, кечки окуу формасында жүрөт.
Дагы кандай жаңычылдыктары бар, бүгүнкү “Күн башат” программасынан угуңуз.