Жапаров өзбекстандык машыктыруучуну кабыл алып, автоунаа тартуулады

Жапаров Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу өзгөчө колдоого муктаж болуп турганда Хасанов жакшы иш жасаганын баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Париждеги Олимпиадада боксчу Сейитбек Мунарбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановду кабыл алып, автоунаа белек кылды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, президент ага ыраазылыгын билдирген.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Париждеги Олимпиадада боксчу Сейитбек Мунарбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановду кабыл алып, автоунаа белек кылды

2 / 4

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, президент ага ыраазылыгын билдирген

3 / 4

Президент ошондой эле Хасановдун секундант болгону Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын белгилеген

4 / 4

Президент Париждеги Олимпиадада өзбек спортчуларынын жакшы көрсөткүчтөрүн да айтып өттү

Президент ошондой эле Хасановдун секундант болгону Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын белгилеген.

"Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бири-бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун", — деди Жапаров.

Президент Париждеги Олимпиадада өзбек спортчуларынын жакшы көрсөткүчтөрүн да айтып өттү.
Жапаров Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу өзгөчө колдоого муктаж болуп турганда Хасанов жакшы иш жасаганын баса белгиледи.
"Ата-бабаларыбыз илгери баатырларына ат тартуулашкан. Азыр автоунааларды берүү салтка айланган, бирок салттын мааниси ошол бойдон калууд. Бул — кызматыңыз үчүн урмат-сый жана ыраазычылык билдирүү", — деген президент.
Хасанов жылуу сөздөрү үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык билдирип, Мунарбек Сейитбек уулу менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга ойлонбостон макул болгонун айткан.
Олимпиада оюндары — 2024
Мунарбек дагы, машыктыруучусу дагы батирлүү болду. Ош мэриясынын сыйы