ЕАЭБде оюнчуктар боюнча төрт стандарт киргизилет

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы оюнчуктардын балдарга зыянын тийгизбешине көмөкчү болчу кадам жасады.
Тагыраагы, "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин ишке ашып колдонулушун камсыздоочу мамлекеттер аралык программа иштелиши керек. Коллегия эми иштелип чыга турган стандарттардын программасына киргизилген өзгөрүүнү бекитти.
Эске салсак, 2025-2026-жылдары өлкөлөр аралык төрт стандарт иштеп чыгуу каралууда.
Алар стол үстүндө ойнолуучу теннисте жыт алуу сезимин өнүктүрүү үчүн пайдаланылган жыпар жыттар, балдардын парфюмердик-косметикалык буюмдарын даярдоого байланыштуу. Андан сырткары, оюнчуктагы зыяндуу химиялык заттардын жугуп же кармаганда, тиштегенде, оозуна салганда балага өткөн ыкмаларды аныктоо каралган.
Радио
Акыркы 10 жылда импорттолгон оюнчуктардын сапаты кыйла жакшырды